Радио

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркы 1,2 млрд. сом киреше тапты

Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) аткаруучу директору Чубак Темиров аталган мекеме 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом киреше табууну пландап жаткандыгын айтты.
Sputnik
Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше алып келди. Мындай маалыматты Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖТПнын курамын 122 компания түзүп, анда 1 000ден ашык адис иштейт.
"Жогорку технологиялар паркынын түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл болду. Бул аралыкта программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун жергиликтүү индустриясын өнүктүрүүдө чоң эмгек жасады. Учурда ЖТПнын курамында 122 компания иштеп, 1 000ден ашык адис эмгектенет. 2020-жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше табышты. Биз эми 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом табуу планын койдук. Демек, киреше эки эсе өсөт", — деди Темиров.
Ошондой эле адис пандемияга карабастан Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга чейин өскөнүн кошумчалады.
Чубак Темиров Жогорку технологиялар паркы