Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады

Спортчу кыз социалдык тармакка кыргыздын улуттук кийими — калпак, туу жана жүрөкчө койгон видео жарыялады. Кыска убакыт ичинде ага 120 миң киши "жакты" деген белги коюп, 9 миңден ашуун комментарий жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына Кыргызстандын туусу, калпагы жана жүрөктүн сүрөтүн коюп видеопост жарыялады.
Кыска убакыт ичинде ага 120 миң киши "жакты" деген белги коюп, 9 миңден ашуун комментарий жазылган.
"Биздин сыймык, биздин кыз! Сени жакшы көрөбүз", — деп жазышкан. Посттун алдынан мындан башка дагы абдан көп жылуу пикирлерди окууга болот.
Эске салсак, сентябрдын аягында Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет UFC чемпиону болгон.