Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат

Жыйын Беларустун төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери шериктештик алкагында өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат.
Путин өлкө кызыкчылыгы үчүн КМШнын атайын кызматтарын пайдаланууга чакырды
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бир катар документтерди кабыл алышы пландалууда. Алардын негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык жактан коопсуздукту камсыздоодогу, миграция тармагындагы жана шериктештик алкагында жарандардын шайлоо укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганы айтылды.