Жапаров: Афганистанда кырдаал курчуп отурса, Борбор Азияда абал кыйындайт

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын коркунучтарга өз убагында реакция кылып, күч-аракеттерди консолидациялоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Афганистанда жарандык согуш чыкса Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абал чыңалып, дестабилизация болушу ыктымал. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн видеоконференция режиминде өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргенине караганда, Жапаров жыйындын катышуучуларын коркунучтарга өз убагында реакция кылып, күч-аракеттерди консолидациялоого чакырган.
"Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана социалдык-экономикалык кризистин мындан аркы курчушу Афганстанда гуманитардык катастрофага, андан ары жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Анда Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абал чыңалышы ыктымал", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал коркунучтарды нейтралдаштыруу үчүн бирге иштешүүгө, көп улуттуу афган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө үндөдү.
Путин: Афганистанга тажрыйбалуу согушкерлер тартылууда, чек араларды бекемдөө керек
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.
Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.
* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм