Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Түркияга барып келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз адамдарды издөө боюнча эл аралык INSARAG тармагына кошулуу үчүн Түркиядан насаатчы болуп берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Түркияга барып келишти.
"Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги жолугушуулар учурунда кыргыз тарап INSARAG тармагына кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурап, насаатчы болуп берүүсүн өтүндү", — деп айтылат билдирүүдө.
ШКУ өлкөлөрүнүн жогорку сотунун башчылары онлайн-кеңешме өткөрдү
Түркия тарап Кыргызстанга техникалык жактан жана кадрларды даярдоо боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
INSARAG – курамына 90дон ашык өлкө жана уюм кирген эл аралык издеп-куткаруу системасы. Негизги максаты — өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен кыйраган аймактарда издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүү. Зарыл болгон учурда ар кайсы өлкөдөгү куткаруучулардын башын бириктирип, эл аралык жардам көрсөтүүлөрдү уюштуруу.