Жапаров Кербендин шаардык кеңешин таркатты

Кенбен шаарына кириш жол. Архив
Президент мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына башчы тандай албагандан улам кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо" жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Беш эсе тез иштейбиз! Акылбек Жапаровдун өлкөнү өргө сүйрөй турчу 12 убадасы
Мамлекет башчы БШКга шайлоону уюштурууну, ал эми министрлер кабинетине каражат бөлүп, коопсуздугун камсыздап, БШКга жардам берүүнү тапшырган.