БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Шериктештиктин маданий борбору" макамы 2022-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарына берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция режиминде өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.
Эске салсак, бул макам азыркы учурда Тажикстандын Душанбе шаарында.
"Кийинки жылы бул ардактуу эстафетаны биздин берметибиз Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Каракол шаары алат. 2023-жылы ардактуу макамды Молдованын Комрат шаарына берүү сунушун колдоп жатабыз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө-мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат.
Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин ар бир шаарынын тегиз өнүгүшүнө шарт түзүү.