Жеңил авто талкаланып кеткен. Кара-Сууда 23 жаштагы айдоочу каза болду

26 жаштагы Т.Х. оор жүк ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатканда жеңил автоунаа менен кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. – Sputnik. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
1 / 2
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы баланын өмүрү кыйылды
2 / 2
Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү саат 00:15тер чамасында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу оор жүк ташуучу Volvo менен кагышкан.
Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү саат 00:15тер чамасында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу оор жүк ташуучу Volvo менен кагышкан. Анын кесепетинен окуя болгон жерде набыт болгон.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.