Ишкер Эркин Салымбеков бир айга камалды

Буга чейин Салымбековду УКМК кармаганы тууралуу маалыматтар тараган. Ишкердин эмне себептен кармалганы боюнча маалымат бериле элек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бизнесмен Эркин Салымбеков УКМКнын тергөө абагына бир айга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.
Ноокаттын мэри менен депутаты 15 млн. сом кымырган деп кармалды. Сүрөт
Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган болчу. Ишкердин эмне себептен кармалганы боюнча маалымат бериле элек.
Эркин Салымбеков "Дордой-Дыйкан" базарынын директору. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.