БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар Американын Пенсильвания штатында полициянын колунан өлгөн Нургазынын туугандарына акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу GoFundMe краудфандинг платформасына жарыяланды.
Бул аянтчага Нургазынын бир тууганы Адилет Мамыровдун билдирүүсү жарыяланган. Маалыматка караганда, каражаттын бир бөлүгү кыргызстандыктын өлүмүн эркин иликтөө жүргүзүүгө жумшалса, бир бөлүгү туугандарына берилет.
"Нургазы үй-бүлөнүн кичүүсү. Ал жаңы эле үйлөнүп күчкө толуп турган кези эле. Тилекке каршы, жаңы курулган үй-бүлөсүнүн, бал айынын бакытына балкый албады. Келечекте ата болуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажырады. Ал АКШдагы көпчүлүк кыргызстандыктардай эле оор жүк ташыган унааларды айдап иштеп жүрдү. Анын өлүмү мындай ойго келбеген нерсеге ар бирибиз кабылышыбыз мүмкүн экенин көрсөттү", — деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле каргаша болгонго чейин эле Нургазынын атасынын жүрөгү кармап ооруканага түшкөнү белгиленген.
"Ата-энебиз баласынын көз жумганын анын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөндөн кийин гана билишти. Каргашага чейин биздин атабыздын (Нургазынын атасы — ред.) жүрөгү кармап ооруканада болчу. Үй-бүлөбүз үчүн абдан оор мезгил болуп турат", — деп айтылат маалыматта.
5-октябрда Пенсильвания штатындагы Клинтон округунда тартип сакчылар 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан.
Такталбаган маалыматтар боюнча, каза болгон 28 жаштагы М.Н. менен ал иштеген автотранспорт компаниясынын башчысынын талашы каргашага себеп болгон. Дагы бир версия боюнча, М.Н. белгисиз себептен улам полицияга баш ийбей, жүк ташуучу унаа менен качып кетүүгө аракет кылып, полициянын эки унаасын сүзүп, бир кызматкери жабыркаган. Мындан улам полиция бир нече жолу ок чыгарган.