19-октябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

Суунун өчүрүлүшүнө "Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү аймактарда болбойт:
Сыдыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта;
"Батыш" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Калаа жетекчилиги шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырды.