БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 98 адамдан коронавирус табылып, илдет эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми ооруну жеңип, аман-эсен айыгып кеткендердин саны 94 адам болду.
Бир суткада вирус жуктургандар:
"Эки адам каза тапты. Алар коронавируска каршы вакцина албаган жарандар болгон", — деп айтылган маалыматта.
Муну менен аталган илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 629га жетти. Дарт пайда болгондон тарта ооруп калгандардын жалпы саны - 179 681ге чыкса, алардын ичинен 174 501 адам айыгып кеткен.
Азыркы тапта стационарда 476, ал эми амбулатордук шартта 576 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.