БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт.
"Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү боюнча экинчи этапка өтүү жана күн тартибиндеги башка маселелерди кароо пландалып жатканы айтылды.