Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмге мэрия эки бөлмөлүү батир берди. Сүрөт

Үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин беш баласы менен бир бөлмөлүү батирди ижарага алып жашап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди
2 / 3
Батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган
3 / 3
Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 800 000 сом бөлүнгөн.
Батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган. Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 800 000 сом бөлүнгөн.
Мэрия үч эмди (бир уул, эки кыз) жарыкка алып келген 38 жаштагы Гүлнара Бүркүтованын буга чейин беш баласы менен бир бөлмөлүү батирди ижаралап күн кечирип келгенин белгиледи.
Наристелер үстүбүздөгү жылдын 31-мартында жарык дүйнөгө келген.