Зарна эмнеден келип чыгат? Дарыгер себептерин санап берди

Зарна соо адамдарда дагы, өнөкөт оорусу барларда дагы болушу мүмкүн. Дарыгер улам-улам кайталанса ооруканага баруу керек дейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Зарнанын эмнеден келип чыгарын жана аны алдын алуу жолдору тууралуу гастроэнтеролог Ирина Бережная Sputnik радиосуна айтып берди.
Адис ашказан бөлүп чыгарган суюктук же кислота кызыл өңгөчкө түшкөндө зарна пайда болорун түшүндүрдү. Ашказандын ичи кычкыл болот, ал жакта тамак сиңет. Ал эми кызыл өңгөч тамакты ташыган кызматты аткарат, ага кислота чачыраганда "күйүк" башталат.
Зарна соо адамдарда дагы, өнөкөт оорусу барларда дагы болушу мүмкүн. Маселен, ага аллергия менен жабыркагандар да кабылат.
"Аллергия чакыра турчу нерселер болсо организм агрессиялык таасирлерден арылуунун аракетин көрөт. Мисалы, банандын курамында крахмал көп, кээ бирлерде аны жеген соң 20-30 мүнөттөн кийин ыңгайсыздык жана оордук жаралат. Өтө ачуу тамактарды жесеңиз да зарна гана эмес, курч кармаган оору денени карыштырышы мүмкүн", — деген Бережная.
Мындан сырткары, тамак ичкенден кийин дароо спорттук көнүгүүлөрдү жасап же катуу кыймылдабаш керек.
Кардиолог кайсы азыктар гипертонияга жеткире турганын айтты
Ошол эле учурда дарыгер бул өтө коркунучтуу эмес экенин, кызыл өңгөчтүн ткандары бат калыбына келерин билдирди.
Дарыгер кошумчалагандай, бир жолу зарна болсо көп тынчсыздануунун кереги жок. Бирок улам кайталана берсе ашказандын, он эки эли ичегинин же уйку безинин оорусунан, ошондой эле панкреатиттин өрчүшүнөн кабар берет.