УКМКнын чек арачылары Баткенде ыкчам жыйын өткөрүүдө. Себеби

Брондолгон оор жана жеңил транспортторду башкаруу боюнча көргөзмөлүү машыгуулар өткөрүлөт. Офицерлер куралдын бардык түрүнөн атуу чеберчилигин көрсөтүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баткенде Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчыларынын, облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана чек ара отрядынын башчыларынын ыкчам жыйыны өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Баткенде Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчыларынын, облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана чек ара отрядынын башчыларынын ыкчам жыйыны өткөрүлүп жатат
2 / 4
Ыкчам жыйындын негизги максаты — мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурууда УКМКнын чек ара органдарын жана аскерлерин башкаруу боюнча офицерлердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу
3 / 4
Катышуучулар 2021-жылдагы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ыкчам кырдаалды жана анын 2022-жылга карата өнүгүү тенденцияларын талкуулашат
4 / 4
Брондолгон оор жана жеңил транспортторду башкаруу боюнча көргөзмө машыгуулар өткөрүлөт.
"Ыкчам жыйындын негизги максаты — мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурууда УКМКнын чек ара органдарын жана аскерлерин башкаруу боюнча офицерлердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу", — деп айтылат маалыматта.
Катышуучулар 2021-жылдагы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ыкчам кырдаалды жана анын 2022-жылга карата өнүгүү тенденцияларын талкуулашат.
Ош менен Баткенде командалык машыгуу иштери аяктады. Сүрөт
"Жыйында башкаруу органдарынын жетекчилери облустук башкармалык башчылары, чек ара отряддарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен биргеликте коюлган тапшырмаларды аткарууда жалпы ыкмаларды иштеп чыгышат. Ошону менен бирге Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, ошондой эле Афганистандагы азыркы аскердик-саясий кырдаалдын, коркунучтардын жана чакырыктардын өзгөрүлгөн түрлөрү эске алынат", — деп белгиледи УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары Нурлан Тыналиев.
Брондолгон оор жана жеңил транспортторду башкаруу боюнча көргөзмө машыгуулар өткөрүлөт. Мындан сырткары, офицерлер куралдын бардык түрүнөн атуу чеберчилигин көрсөтүшөт.