БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. UFC мушкери Рафаэль Физиев Кыргызстандан кетет. Спортчу бул тууралуу бүгүн өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу тараткан видеосунда айтты.
Мушкер мындай кадамга барышына анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген. Ал ошондой эле миңдеген кыргызстандыктар тарабынан социалдык тармак аркылуу анын жеке жашоосуна, үй-бүлөсүнө карата акарат сөздөр менен басым жасалганын билдирди.
"Мен эч кандай пропаганда жүргүзгөн эмесмин, көптөгөн Instagram-колдонуучулар сыяктуу эле өзүмдүн жашоомду көрсөткөм. Бүттү. Мен Кыргызстандан кетем. Паспортум гана Кыргызстандыкы болбосо эми менин бул өлкө менен эч кандай байланышым болбойт. Үй-бүлөм менен жакынкы күндөрү бул өлкөдөн чыгып кетем. Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом", — деген ал.
Эске салсак, спортчу жакында эле Кыргызстанга келип, Бишкекте күйөрмандары менен болгон жолугушууда Кыргызстан мекени экенин, эч жакка кеткиси келбегеннин, ушул жерде калып, ушул жерде карыгысы келерин билдирген эле.