Жооптуу кызматта ийгилик каалайм! Мишустин Акылбек Жапаровду куттуктады

Мишустин Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалышы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турарын айткан.
"Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", — деген Мишустин.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматта ийгиликтерди каалаган.