Радио

Кыргызбаев: асыл тукум малдын наркы 2 000 доллардан кем эмес

Мал чарбалардын союзу ассоциациясынын жетекчиси Азиз Кыргызбаев асыл тукум малдын баасы кымбат боло турганын белгиледи.
Sputnik
Породалуу малдын баары эле асыл тукум боло бербейт. Бул тууралуу Азиз Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мал асыл тукум, таза кандуу, товардык жана породасыз болуп бөлүнөт.
"2013-жылы абердин ангустардын алып келиниши наркы 3 000-4 000 доллардан ашып кеткен. Учурда Европадан асыл тукум деп алып келинип жаткан уйлардын баасы 2 миң доллардан кем эмес. Эң арзаны Россиядан келип жатат. Алардын көбү таза кандуу жана товардык мал. Бизде чарбалар жеке менчик болгондуктан аларга асыл тукум эмес, таза кандуу же товардык мал керек. Асыл тукум малды алып келип андан тукум алып, канын тазартуу боюнча иш алып барышы ыктымал. Анткени асыл тукум малдын баасы кымбат. Ошондой эле асыл тукум малды чыгарыш үчүн чарба бир топ талаптарга жооп бериши керек. Эл аралык тажрыйбада малдын асылдуулугун тастыктоо укугу ассоциацияларга берилген. Алар малдын тегин аныктап, иш алып барат. Бул иш Кыргызстанда эми гана жолго коюлуп жатат", — деди Кыргызбаев.
Ошондой эле ал малдын сапатын жогорулатуу боюнча программалар кеминде 10 жылды камтышы керектигин кошумчалады.