Түркиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМдин маалыматы

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу каргаша болгон жерге барып, жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргыз тарап Түркиядан киши колдуу болгон 30 жаштагы кыргызстандык келин боюнча кылмыш ишин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
АКШда атылган кыргызстандык. Каргашага чейинки окуянын видеосу тарады
ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова 13-октябрь күнү Текирдагга барып, жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси менен сүйлөшкөн. Ал иликтөө ишин тездетүүнү өтүнүп, кыргыз тарап окуяга тыкыр көз салып турарын билдирген.
"Алынган маалыматтар боюнча, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, "Адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.