Акылбек Жапаров алгачкы сапарын Баткенден баштап, форумга катышты

Жапаров форумда ишкерлер, инвесторлор үчүн каралган жеңилдиктер, салыктык бошотуулар тууралуу маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштап, "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумуна катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштап, "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумуна катышты
2 / 4
Жапаров форум катышуучуларына кайрылып, аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды
3 / 4
Аталган форум облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларды түзүүгө да мүмкүндүк берери айтылды
4 / 4
Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.
Жапаров форумдун катышуучуларына кайрылып аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды.
"Баткендин экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Облустун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген. Чек ара аймагында иштеген ишкерлерге салыктык жеңилдиктер берилет. Ошондой эле мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 миллион сомдон 5 миллионго чейин жогорулатылат. Бул режимдер Баткенге инвестиция тартууга, анын ичинде жергиликтүү ишкерлердин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзөт. Мен жалпыңыздарды ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек", — деди Жапаров.
Жооптуу кызматта ийгилик каалайм! Мишустин Акылбек Жапаровду куттуктады
Аталган форум облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларды түзүүгө да мүмкүндүк берери айтылды.
Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмендин өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.