Норвегиянын түштүгүндөгү Иннландет округунда окумуштуулар дүйнөдөгү эң байыркы лыжаны тапкандыгын National Geographic кабарлады.
Анын бир түгөйүн 2014-жылы таап алышып, муздун эришин күтүшкөн. Адистер жасаган атайын иликтөө лыжага болжол менен 1 300 жыл болгондугун аныктап чыкты. Буга окшогон буюмдарды мурда табышкан. Бирок бул бекиткичтери, таккычтары толугу менен сакталып калган биринчи табылга болду.
"Окумуштууларга анын ээси кандай адам экендиги да өтө кызык болду. Дигервардендин бул тилкесинен аңчылыкка жана башка иштерге байланыштуу көп тарыхый буюмдарды табышкан. Аны мергенчи таштап кетсе керек деген пикир басымдуу эле. Бул тоолуу жалгыз аяк жол ошол учурдун расмий "транспорттук" артериясы болушу мүмкүн, себеби чогултулган таштар да табылган", — деп белгилеген NatGeo.
Окумуштуулар лыжа жол коштоочу же саякатчыга тиешелүү болушу мүмкүндүгүн айтты. Божомолдорго караганда кайра келгенде оңой табыш үчүн тикесинен карга сайып кетип, бирок ошол бойдон кайткан эмес шекилдүү.