Акылбек Жапаров: биздин муундагы саясатчыларга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө

Жапаров мындай мүмкүнчүлүктү 100 пайыз колдонуу үчүн бардык күчүн жумшоого парламенттин трибунасынан сөз берди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерлиги сунушталган Акылбек Жапаров парламентте баяндама жасап жатып, ага акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатканын билдирди.
"Мен жана биздин муундагы саясатчылар 30 жылда өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир, балким, акыркы жолу мүмкүнчүлүк берилип жаткандыр. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100 пайызга колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам", — деди Жапаров.
Аны менен катар ал жогорку кызматка дайындоого ишеним көрсөткөнү үчүн президентке ыраазычылыгын билдирди.