Кумтөрдөн канча алтын казылып, канча каражат түшкөнү айтылды

Теңиз Бөлтүрүк менен кошо дүйнөлүк деңгээлдеги беш-алты адистин Кумтөрдө иштеп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, 100 миллион сомдой пайда көрдү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал учурда Кумтөр туруктуу иштеп жатканын, мындан ары да туруктуу иштээрин белгиледи.
"Бардык алтын сыртка чыгарылып кеткен 22 жылдагы практикадан айырмаланып, бүгүн өлкөбүздүн аймагында калууда. Салыктар түшүп жатат, кээ бир кечигүүлөр, августта өндүрүштүк процесске байланыштуу бир аз азаюу гана болгон. Бирок жыл соңуна чейин бюджетте каралган сумманын баары төлөнөт. Биз беш тонна алтын өндүрдүк, "Кумтөр колд компанинин" эсебинде 100 миллион сомдой бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал кенде Теңиз Бөлтүрүк менен кошо дүйнөлүк деңгээлдеги беш-алты адис келип иштеп жатканын кошумчалады.