Instagram колдонуучуга тиркемедеги мүчүлүштүктөрдү айтып турат

Колдонуучуларда 24 саат активдүү болгон "тарых" бөлүгүндө (история) техникалык көйгөйлөр жана үзгүлтүккө учуроолор тууралуу маалымат берип турат. Маселени канча убакытта чечүү керектиги да көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы колдонуучуларга тиркеменин ишиндеги мүчүлүштүктөр тууралуу кабар берип турган кызматты сыноодон өткөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
WhatsApp колдонуучуларына үн билдирүүлөрдү жөнөтүү жеңилдейт
Башка функцияда, тагыраагы, "Аккаунттун статусу" бөлүгүнөн колдонуучулар аккаунтуна кооптуулук жаралып жатканы жана контенти кимдерге ылайыктуу экенин биле алат. Зарылчылыкка жараша кардарлар даттанууларды жөнөтүп же текшерип берүүнү өтүнө алат.
Instagram — сүрөт жана видео маалыматтарды бөлүшүүгө ылайыкташкан тиркеме. Ал Facebook компаниясына таандык.