"Фарватер" менен Steelex футзал боюнча өлкөнүн Суперкубогу үчүн таймашат

Беттеш 15-октябрда Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда саат 18:30да башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ушул аптада футзал боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Мындай маанилүү олжо үчүн өлкө чемпиону "Фарватер" (Бишкек) менен Кыргызстандын футзал ассоциациясынын кубогу мелдешинин жеңүүчүсү Steelex (Бишкек) кездешет.
"Күйөрмандарды 2021-2022-жылдагы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын жаңы сезонунун алдында Суперкубок үчүн мыкты беттеш күтүүдө. Анда өлкө чемпиону "Фарватер" менен Футзал ассоциациясынын кубогу мелдешинин жеңүүчүсү Steelex (Бишкек) кез келет", — деп айтылат маалыматта.
Беттеш 15-октябрда Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда саат 18:30да башталат.
Суперкубоктун тарыхы:
FIFA президенти финалдык оюнду тейлеген Нурдин Букуевди сыйлады. Видео
Футзал боюнча өлкөнүн Суперкубогу үчүн оюн эң алгачкы жолу 2017-жылдын 22-октябрында өткөрүлгөн. Анда КРдин чемпиону Оштун EREM клубу менен өлкө кубогунун жеңүүчүсү Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы кездешкен. Оштук команда 5:2 эсебинде утуп, олжонун алгачкы ээси болгон.
2018-жылы Кыргызстандын чемпиону жана өлкө кубогунун жеңүүчүсү оштук EREM өлкө кубогунун финалисти Бишкектин Sun City (2020-жылы "Спартак Бишкек" болуп өзгөргөн) клубу менен кез келген. Беттеш 2:1 эсебинде аяктап, бишкектик клуб жеңүүчү болгон.
Ал эми 2019-2020-жылдары өлкөнүн Суперкубогу үчүн беттештер өткөрүлгөн эмес.