Депутат министрлердин аянтта дарга байланган жипти карап ант беришин сунуштады

Садиков Кыргызстандын тарыхында 30 премьер-министр, жүздөгөн министр ант берип, бирок ага ылайык иштебегенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков министрлер кабинетинин төрагасы менен мүчөлөрүн аянтка чыгып дарга байланган жиптин алдында ант берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү министрлер анттын ыйыктыгынан коркпой калгандыктан ушундай кадамга баруу керек деп эсептейт.
"Буюрса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Ант берүү — касам ичүү, эр жигиттин башын сайганы деп түшүнөм. Биз 30 премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде. Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз кустуруп жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер. Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү. Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек", — деп кайрылды Садиков.
Ошондой эле ал кыргызда "көр чуңкурга бир жолу түшөт" деген жакшы макал бар экенин айтып, бирок Кыргызстан 30 жылда 30 жолу чуңкурга түшкөнүн белгиледи. Мындан улам жаңы келген министрлер кабинети дагы кайсы тарапка жетелеп баратканы белгисиз болуп жатканын айтты.