БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкекте конуштарда курулуп жаткан объектилердин интерактивдүү картасы пайда болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Картаны мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Санарип технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы түзгөн.
Анда социалдык объектилердин курулуш-монтаждык иштеринин кайсы стадияга жеткени боюнча маалыматтар камтылат. Келечекте инженердик коммуникациялардын курулушу боюнча дагы жаңылыктар жеткиликтүү болот. Картаны шилтемеден ачып көрүңүздөр. Учурда анда сегиз гана объект бар.
Жакынкы аралыкта Капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу курулуп жаткан бардык имараттар картага киргизилери белгиленди.