COVID: 63 киши ооруп, эки бейтап көз жумду

Коронавирус жуктургандар Нарын, Баткен облусунда катталган эмес. Ал эми Бишкек шаарында ооруну илештиргендер арбын бойдон калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бир суткада өлкөдө 63 кишиден коронавирус табылып, 122 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 492ге жетти. Анын ичинен 174 320 адам дартты жеңди. 
"Соңку суткада эки бейтап көз жумду. Алардын коронавируска каршы эмдөө албаганы аныкталды", — деп билдирди штаб.
Жалпысынан оору 2 624 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 430, ал эми амбулатордук шартта 623 адам дарыланып жатканы айтылды.