Twitter тармагында катталуучуларды өчүрө турган опция ишке кирди

Аталган компания сентябрь айында эле бул функцияны тесттик түрдө ишке киргизгенин билдирген. Учурда ал бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Twitter социалдык тармагынын колдонуучулары эми катталуучуларды алдын ала блоктобой туруп эле өчүрө алышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Компания сентябрь айында эле бул функцияны тесттик түрдө ишке киргизгенин билдирген.
"Катталуучуларды өчүрө турган опция эми бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болду", — деп жазды Twitter соцтармагынын колдоо көрсөтүү кызматы.
Колдонуучуларга кимдир бирөө аны катталуучулар тизмесинен чыгарып салганы тууралуу кабарланбай турганы белгиленди.