Радио

Алиев: эскирген токойлорду жаңыртуу көйгөй жаратууда

Мамлекеттик токой чарба агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев эскирген токой өсүмдүктөрүн калыбына келтирүү, жаңыртуу агенттиктин иш планында экенин белгиледи.
Sputnik
Токойлордун 50 пайызы эскирген. Аны жаңыртуу, калыбына келтирүү дагы татаал болуп жатат. Бул тууралуу Майрамбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Эскирген бактар жайгашкан токойлордун көпчүлүгү жетүүгө оор болгон аймактарда жайгашкан.
"Учурда жалпы токой аянтынын 50 пайызы эскирген. Мунун бир канча себеби бар. Мисалга алсак, эскирген токойлордун көпчүлүгү жетүүгө татаал болгон жерде. Аны ишке ашыруу дагы көйгөй жаратууда. Себеби ал аймакка жол салуу, эскирген бактарды кыюу, түшүрүү абдан көп каражатты талап кылган иш. Ошого карабастан донорлордун жардамы менен бул багыттагы жаңгак токойлорундагы иш колго алынууда. Айланасын тосуп, жаш көчөттөр отургузулууда", — деди Алиев.
Ошондой эле ал эскирген бактарды жаңыртууну токой чарбаларынын иш планына киргизүү планы бар экенин кошумчалады.