Шаршембиге карата аба ырайы

13-октябрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Таласта +9…+14, Ысык-Көлдө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Нарын өрөөнүндө +10…+15 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.