Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Сабиров "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка караганда, Сабиров 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турганына байланыштуу кызматын тапшырды.