"Кумтөр" айдоочулардын чарчаганын көзөмөлдөгөн система киргизип жатат

Пилоттук долбоордун алкагында төрт автоунаага автоматтык система орнотулду. Атайын камера айдоочунун үргүлөп жатканын байкаса үн сигналын берет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" кырсыктарды алдын алуу максатында оор техника айдаган айдоочулар менен операторлордун чарчап-чаалыкканын көзөмөлдөгөн системаны ишке киргизип жатат. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалыматта концентрациянын төмөндөшү, уйкунун келиши, коопсуздук курун тагынбай коюу жагымсыз окуялардын болуп кетишине алып келери белгиленген.
"Жакында эле "Кумтөр" ишканасы карьердик техникасынын паркын жаңылады. Пилоттук долбоордун алкагында төрт автоунаага автоматтык система орнотулду. Атайын камера айдоочунун жүзүндөгү көптөгөн параметрлерди анализдейт (көздүн ирмелиши, багыты, эстөө ж.б.). Эгер система айдоочунун чарчап, жолду карабай калганын байкаса, үн сигналы берилет. Мындан сырткары, жабдыктагы маалыматтар диспетчерге түшөт дагы, кийинки графикти түзүүдө жардамчы болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Мындай технология дүйнө жүзү боюнча бардык алдыңкы компанияларда колдонулары белгиленди.