Коронавирус 93 кишиден табылып, эки бейтап каза болду. Статистика

COVID аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Азыркы учурда 442 бейтап ооруканаларда медициналык жардам алууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бир суткада өлкөдө 93 кишиден коронавирус табылып, 112 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 429га жетти. Анын ичинен 174 198 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирустан эки бейтап көз жумган. Жалпысынан оору 2 622 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 442, ал эми амбулатордук шартта 672 адам дарыланып жатканы айтылды.