БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Тийиштүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койгон.
"Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Көмүрдүн баасы 90 күн жөнгө салынат", — деп айтылат маалыматта.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.