БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайыдалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абыкеев мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматына 2021-жылдын июль айында келип, бул жумушта төрт ай иштеди.