Аялына айланма үй куруп берген ойлоп табуучу. Кызыктуу видео

Босния жана Герцеговина жараны, ойлоп табуучу Воин Кусич кадимкидей эле айланып турган там курган.
Sputnik
Reuters агенттигинин билдиргенине караганда, там 22 секундадан тарта бир суткага чейин ар кандай ылдамдыкта толугу менен бир тегеренип чыгат. Кыймылда турган имаратты рычаг жана атайын баскычтардын жардамы менен башкарууга болот.
10 жашар фермер ата-энесине үй сатып алууга жардам берди. Видео
Кусичтин үйүнө келген жергиликтүү журналисттер менен аялы сүйлөшүүнү каалаган эмес. Ал эми кожоюн мындай курулушка алты жыл сарптагандыгын айтып берген. Ал ортодо жүрөгү кармап, ооруканага жатып калган. Ойлоп табуучу дарыгерлерден өмүрүн жок дегенде бир жылга узартууну абдан суранган.
"Кусич бул өтүнүчүн долбоорду көптөн бери көкүрөгүндө багып, ойлонуп, ишке ашырууну эңсеп жүргөнүн, эгер кайтыш болуп кетсе, эч ким аягына чыкпай, үй ошол бойдон бүтпөй калары менен түшүндүргөн", — деп жазган басылма.
Кусичтин айтымында, бул там башка имараттарга караганда жер титирөөгө да жакшы туруштук бере алат.