Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду

Министрлер кабинетинин азыр иштеп жаткан курамы отставкага кетти. Эми өкмөт башчынын милдетин Акылбек Жапаров аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана КР президентинин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров мурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлигин министрлер кабинетинин жетекчилигине сунуштаганын билдирген.
Конституциянын 71-беренеси министрлер кабинетинин төрагасынын президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруусуна жол берет.