Сүйүн Өмүрзаков иштен кетип, министрге жаңы орун басар дайындалды

Өмүрзаков ички иштер министринин орун басары кызматына 2016-жылдын июнь айында келген. Ага чейин Ошто иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти
2 / 2
Бүгүн Өмүрзаковду узатуу иш-чарасы болуп, ага президенттик администрациянын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышкан
Бүгүн Өмүрзаковду узатуу иш-чарасы болуп, ага президенттик администрациянын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышкан.
Анын ордуна буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген Адыл Бийбосунов дайындалды.
Анын ордуна буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген Адыл Бийбосунов дайындалды
Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министринин орун басары кызматына 2016-жылдын июнь айында келген. Ага чейин үч жыл ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча ички иштер башкы башкармалыгын жетектеген.