Ошто көмүр жүктөлгөн унаа өтүп бара жаткан көпүрө урап түштү. Видео

Көмүр жүктөп бара жаткан унаада эки киши болгон. Алар жабыркаган эмес, кырсыкта машинадан түшүп кетүүгө үлгүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ош облусунда унаа жолдогу көпүрө бузулуп, үстүнөн өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу техника сайга кулап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 11-октябрда, саат 15:20да облустагы Ош — Папан — Кожокелен унаа жолунун Кара-Суу районундагы 24-чакырымында болгон.
Ош облусунда унаа жолдогу көпүрө бузулуп, үстүнөн өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу техника сайга кулап калды
Көмүр жүктөлгөн унаада эки киши болгон. Алар кырсыкта машинадан түшүп кетүүгө үлгүрүшкөн.
Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ӨКМдин Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы кырсык болгон жерге чыгып кетти.