Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жаңы Конституцияга ылайык, министрлер кабинети болуп түзүлгөнү менен иш жүзүндө "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамы менен иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Конституциялык мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө кирет, андан кийин президент тарабынан министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлерди макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын өкмөтү жаңы Конституцияга ылайык, министрлер кабинети болуп түзүлгөнү менен иш жүзүндө "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамы менен иштеп жаткан. Мындан улам жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору жазылган. Ал парламентке биринчи окууга киргизилгенде бир топ сын-пикир айтылган. Бирок депутаттар оңдоп-түзөтүлсүн деген шарт менен колдоп берген. Мыйзамдын автору президент Садыр Жапаров.
Документке ылайык, министрлер кабинетинин төрагалыгына жана министрлерге, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилигине талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
Министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин администрациясын дагы жетектейт.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине бир катар чектөөлөр дагы белгиленген.
"Не болду, иним?" Креслого жашынып, 4 киши үчүн добуш берген депутаттардын видеосу
Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга укугу жок. Мындан сырткары, кызматка киришип жатып декларациясын төрагага берүүгө тийиш.
Мыйзамда ошондой эле министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган:
Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болуп, ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер да каралган.