I чейрек качан бүтөт? Күзгү каникулдун убактысы

Окуу жылы кеч башталганына байланыштуу каникул да бир жума жылдырылган. Ошондо күзгү каникул 8-ноябрда башталып калат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Мектептерде I чейрек 5-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Улукбек Марипов кол койгон чечимде жазылган.
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталды. Буга байланыштуу окуу адаттагыдай 25-майда эмес, 8-июнда аяктайт.
Бардык каникулдардын датасын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган календардан көрө аласыздар.