Кукси, чипсы, токоч. Кытай азыктарынан ГМО табылып, Россия импортко тыюу салды

Бир нече азыктын курамынан генетикасы өзгөртүлгөн (ГМО) жүгөрү менен соянын ДНКсы табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Роспотребнадзордун эксперттери Кытайдан чыккан тез даярдалчу кесмеден (кукси), жүгөрүдөн жасалган чипсыдан жана башка бир нече азыктан тыюу салынган компоненттерди табышты. Мындан улам товарларды Россиянын аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салынганын РИА Новости жазды.
Мындан сырткары, вермишелдин (жүгөрүдөн жасалган), шоколад креминен жасалган жумуртка десертинин жана ичинде сюрприз-оюнчугу бар токочтун импортуна чектөө киргизилди. Бул азыктардын курамынан генетикасы өзгөртүлгөн (ГМО) жүгөрү менен соянын ДНКсы (0,9 пайыз) табылган. Ал эми кээ бир үлгүлөрүндө ГМОнун курамы беш эсе көп болуп чыккан.
"Продукциялардын сыртында азыктын курамында бул компоненттер бар экени жазылган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ведомство атайын буйрук чыкканга чейин бул азыктарды импорттоого чектөө койду.