Спецназ өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жаранды колго түшүрдү. Видео

Шектүүнүн жанынан табылган куралдын номерлери өчүрүлгөнү, бирок ичинде үч ок бар экени аныкталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкекте куралчан жүргөн жаран кармалды. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн изделип жаткан. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук милициясынан билдирди.
Тартип сакчылары аны колго түшүрүү учурундагы видеону жарыялады.
КР Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Шектүүнүн жанынан табылган куралдын номерлери өчүрүлгөнү, бирок ичинде үч ок бар экени аныкталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Буга чейин ал төмөндөгү беренелерге ылайык издөөдө жүргөн: