Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо үчүн рейд жүрүп жатат

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоо иши ЖККУнун атайын системасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Министрлик мигранттарды тартипти сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында "Легалдуу эмес — 2021" рейди башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Иш-чараны ИИМдин экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзүп жатат.
Министрлик чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкө аймагында жүрүү жана иштөө тартибин сактоого чакырды.
Рейд 11-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, ЖККУнун мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү системасынын алкагында жүргүзүлөт.