Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты

Эгемен тарыхта Кыргызстан коррупциялык иштерди негиз кылып эл аралык соттон утуп алышы биринчи ирет катталганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан MegaCom уюлдук компаниясы боюнча эл аралык арбитраждык соттон утуп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 8-октябрда Penwell Business Limited компаниясынын Кыргызстанга каршы койгон доосу боюнча акыркы арбитраждык чечим чыгарылган.
"Даттануучу тараптын 298 миллион доллар өлчөмүндө компенсация төлөтүү талабы толугу менен четке кагылды. Тагыраак айтканда, арбитраждын курамы "доогер Кыргызстанга инвестиция салуу учурунда жергиликтүү өнөктөштөрүнүн жардамы жана түз байланыштары аркылуу бир нече ирет коррупциялык иштерге аралашкан" деген бүтүмгө келди", — деп айтылат маалыматта.
Соттук териштирүүлөр борбору өлкө позициясын коргоо үчүн эл аралык юридикалык компанияны тарткан.
Кыргыз бийлиги Кумтөргө орду толгус зыян келтирүүдө. Centerra дагы бир доо койду
Министрлер кабинети 2017-жылы Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы кыргыз өкмөтү MegaCom ишканасындагы инвестициясын тартып алганын айтып, эл аралык арбитраждык сотко даттанганын эске салды. Ошондой эле 30 жылдык эгемен тарыхта Кыргызстан инвесторлордун даттануусу боюнча коррупциялык иштерге аралашканын негиз кылып эл аралык соттон утуп алышы биринчи ирет катталганын белгилейт.
Өкмөт мындай чечим Кыргызстандын мыйзам талаптарын аткарган ак ниеттүү чет элдик инвесторлорго эшиги ачык экенинен кабар берерин билдирди.