Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты

Каражат саламаттыкты сактоо, айыл чарба, энергетика жана социалдык маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 миллион доллар кредит, 1,5 миллион грант алуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 3
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 миллион доллар кредит, 1,5 миллион грант алуу боюнча макулдашты
2 / 3
Маалыматка ылайык, ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Индиянын Тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушту
3 / 3
Анын алкагында тараптар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон долбоорлорду ишке ашыруу максатында 1,5 миллион доллар гранттык жардам жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Кытай бир шарт менен Кыргызстандын карыз төлөө мөөнөтүн узартууга даяр
Аны менен катар Индия өкмөтүнөн 200 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алуу макулдашылганы белгиленди.