Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 200 дозасы алып келинди

Кыргызстан тарап Польша өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы күндөрү вакцина эмдөө пунктуларына таратыларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Польша мамлекетинен Кыргызстанга 55 200 доза AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Жүктү "Манас" эл аралык аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алды.
Эмдөө жай жүргөн аймактар. Бишкек менен Сүлүктү эң артта
Бектурганов Польша өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы күндөрү вакцина эмдөө пунктуларына таратыларын айтты.
Министрдин орун басары берген маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстан калкынын 39 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 29 пайызы экинчи дозасын алды.
Вакцина Кыргызстанга Европа биримдигинин COVID-19га каршы жарандык коргоо механизминин алкагында жеткирилди.