Медербек Сыдыков Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Өмүр баяны

Бүгүн Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун кезексиз конгресси өттү. Күн тартибине КФСтин жаңы президентин шайлоо маселеси коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Медербек Сыдыков Кыргызстандын футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Жаңы жетекчи КФСтин бүгүн, 11-октябрда, өткөн кезексиз жыйынында тандалганын уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Футболдук союздун президенти кызматына эки талапкер — Семетей Султанов (2012-2017-жылдары аталган уюмдун башчысы) жана Медербек Сыдыков (КФСтин Башкы катчысы) ат салышты.
Кезексиз конгресске катышкан делегаттар алгач уюмдун буга чейинки башчысы Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алышты.
Жаңы жетекчини шайлоодо 24 делегат (бардыгы 27) Сыдыковдун талапкерлигин колдоп добуш беришкен.

Өмүр баяны

Медербек Сыдыков 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Жалал-Абад Коммерциялык институтун "Мекемедеги экономика жана башкаруу" адистиги боюнча аяктап, экономист-менеджер квалификациясына ээ болгон. 2015-жылга чейин "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунда иштеген.
Кыргызстандык Оморканов Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болуп шайланды
"Нефтчи" (Кочкор-Ата) футболдук клубунда ойноп Кыргызстандын жогорку лигасынын чемпиону, вице-чемпиону болгон. Ошондой эле аталган клуб менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу мелдешинде коло байгеге татыган. Кара-Суу (Ош) шаарынын "Жаштык-Акалтын" клубунун сабында ойноп, Кыргызстандын чемпионатында үчүнчү орунга жетишкен.
Сыдыков "Нефтчи" клубунда ойноп, ар кайсыл жылдары оюн менен кошо команданын администратору, машыктыруучусу, жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2012-2017-жылдары Кыргызстандын Футбол федерациясынын (азыркы Кыргыз футболдук союзу) аткаруу комитетине мүчө болгон. 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын декабрына чейин Башкы катчынын орун басары болгон. Ал эми 2017-жылдан бери КРдин футбол федерациясынын башкы катчысы болуп иштеп келген.
Эске салсак, КФСтин мурдагы башчысы Канатбек Маматов саясатка аттангандыгына байланыштуу кызматынан баш тарткан.